АКИpress - Министрлер кабинети «Кыргызстан аэропорттору» ААКка «Ысык-Көл» эл аралык аэропортун өзүнчө юридикалык жак катары бөлүүнү сунуштады.
Тийиштүү №488-т буйругу 2026-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.
Документ «Тамчы» атайын каржы-инвестициялык аймагы жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу, ошондой эле анын инфраструктурасын натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү максатында кабыл алынды.
Буйрукка ылайык, «Ысык-Көл» аэропортун жабык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө өзүнчө юридикалык жак катары бөлүү сунушталууда.
Андан кийин анын башкаруусун ишенимдүү башкаруу келишими аркылуу «Тамчы» АКИАга өткөрүп берүү пландалууда.
Өткөрүп берүү Министрлер кабинети менен «Elite Point Star FZE LLC» компаниясынын ортосундагы инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык, Минкаб тарабынан жактырылган 2026-жылдын 18-февралында №89-т буйругу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
Ишенимдүү башкаруу мезгилинде жетектөөчү компания «Ысык-Көл» аэропортунун мүлкүн, эксплуатациясын жана тийиштүү техникалык абалын камсыз кылууга милдеттүү.
Ошондой эле, ал аэропорттун учурдагы капиталдык ремонтуна, эксплуатациялоого кеткен жана аэропорттун инфраструктуралык коопсуздугун камсыздоо менен байланышкан чыгымдарды көтөрөт.
Мындан тышкары, ишенимдүү башкаруу мөөнөтүнүн аякташына кеминде 2 жыл калганда жетекчи компания мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун стандарттарына жараша аэропорттун мүлкүн жаңыртууга жана модернизациялоого тийиш.