АКИpress - Министрлер кабинети «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКна берилген Бишкек шаарындагы жер тилкесине байланыштуу 2023-жылдын 10-октябрындагы №606-р тескемеге өзгөртүүлөрдү киргизди.
Тиешелүү №487-т тескеме 2026-жылдын 29-июнунда кабыл алынды.
Кеп Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 3/11 — Сүйөркулов көчөсү, 1/3 дарегинде жайгашкан аянты 0,8 га жер тилкеси жөнүндө болуп жатат. Жер тилке мамлекеттик менчикте болуп, мурда МИКтин уставдык капиталын көбөйтүү үчүн берилген.