АКИpress - Казакстан 1-августтан 31-декабрга чейин алма ташууга тыюу салууну пландап жатат.
Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин сунушуна ылайык, автомобиль, суу жана темир жол менен алма ташууга тыюу салуу каралууда. Чектөө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге тиешелүү болот.
Ошол эле учурда, алманы Казакстандын аймагы аркылуу ташууга, ошондой эле аны бир ЕАЭБ мамлекетинин аймагынан экинчисине Казакстан аркылуу алып өтүүгө уруксат берилет.
Февраль айында Казакстан Орусиянын бир нече аймагынан мал жана мал чарба продукциясын ташууга жана транзиттик өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Бул чара өзгөчө коркунучтуу оорулардын киришин жана жайылышын алдын алуу зарылдыгы менен түшүндүрүлгөн.