ИКАО деген эмне?
Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) — 1944-жылы түзүлгөн БУУнун адистештирилген мекемеси, ал коопсуз жана тартиптүү эл аралык жарандык авиацияны өнүктүрүүгө багытталган. Учурда уюмга 193 мамлекет мүчө. ИКАО авиация үчүн эл аралык стандарттарды жана сунушталган практиканы иштеп чыгат: учуу коопсуздугуна, учкучтарды даярдоого, аэропорттордун ишине, аэронавигацияга, авиациялык кырсыктарды иликтөөгө жана авиациялык коопсуздукка талаптар
Уюмга мүчө болуу кандай артыкчылыктарды берет?
Авиакомпаниялар үчүн бул эл аралык рынокко чыгууга, башка өлкөлөргө учууга уруксат алууга жана ири дүйнөлүк авиаташуучулар менен кызматташууга жол ачат. Жүргүнчүлөр үчүн негизги артыкчылык — коопсуздуктун жогорулашы, тейлөөнүн эл аралык стандарттарга ылайык болушу жана каттамдардын көбөйүшү. Мындан сырткары:
Уюмга кантип мүчө болууга болот?
Чынында ИКАОго кошулуунун өзүнчө жол-жобосу жок. Мамлекет Чикаго конвенциясына кошулуп, анын милдеттенмелерин аткаргандан кийин уюмдун мүчөсү болуп калат. Андан кийин өлкө уюмдун ишине катышып, эл аралык текшерүүлөрдөн өтүп, авиациялык стандарттарды ишке ашырат.
Европанын авиациялык коопсуздук агенттиги — EASA
Евробиримдиктин жарандык авиациядагы коопсуздук боюнча бирдиктүү талаптарына жооп берген адистештирилген органы. Эгер ИКАО мамлекеттин эл аралык авиациялык стандарттарды канчалык сактап жатканын бааласа, EASA Евробиримдиктин талаптарынын көз карашынан техникалык баа берет. Евробиримдиктин «кара тизмеси» боюнча EASA акыркы чечимди өз алдынча кабыл албайт. Агенттик документтерди, ИКАО аудиттеринин жыйынтыктарын, өлкөнүн авиациялык тармактагы саясатын, авиакомпанияларга болгон көзөмөлдүн деңгээлин изилдеп, Европа комиссиясына эксперттик корутунду даярдайт.
Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук боюнча «кара тизмеси»
EU Air Safety List — бул Европа Биримдигинин аба мейкиндигинде учууга тыюу салынган же белгилүү чектөөлөр менен гана уча алган авиакомпаниялардын расмий тизмеси. Аны Европа комиссиясы Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин эксперттери жана Европанын авиациялык коопсуздук агенттиги (EASA) менен биргеликте жүргүзүп, үзгүлтүксүз жаңылап турат.
Кантип пайда болгон?
Бул тизме 2006-жылы 2000-жылдардын башындагы бир нече ири авиакырсыктардан кийин түзүлгөн. Европа өлкөлөрүнүн бийликтери жүргүнчүлөрдү эл аралык коопсуздук талаптарына жооп бербеген авиакомпаниялардан коргоонун бирдиктүү механизмин түзүүнү чечкен. Буга чейин Евробиримдиктин ар бир өлкөсү айрым авиакомпанияларга учууга өз алдынча тыюу сала алган. Тизме түзүлгөндөн кийин чечим бүтүндөй Евробиримдик үчүн бирдиктүү болуп калган.
Текшерүүлөр кандай жүргүзүлөт
Авиакомпанияны же өлкөнү баалоодо адистер төмөнкүлөрдү талдайт:
Маанилүү жагдай: тизмеге айрым авиакомпаниялар гана эмес, эгер Евробиримдик улуттук авиациялык жөнгө салуучу органдын ишине олуттуу шек санаса, бүтүндөй бир өлкөнүн бардык авиакомпаниялары да кирип калышы мүмкүн.
Кандай чектөөлөр болот
Эки категория бар:
Тизмеге ким кириши мүмкүн?
Буга төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
Чечимди ким кабыл алат?
Акыркы чечимди Европа комиссиясы Евробиримдиктин учуулар коопсуздугу боюнча комитети менен кеңешкенден кийин кабыл алат. Тизмеге киргизүүдөн мурун авиакомпанияларга адатта түшүндүрмө, документтерди жана кемчиликтерди жоюу боюнча пландарды берүүгө мүмкүнчүлүк берилет. ИКАО мамлекеттерге аудит жүргүзүп, алардын эл аралык стандарттарга шайкештигин баалайт, бирок авиакомпанияларга учууга тыюу салбайт. «Кара тизме» — бул Евробиримдиктин инструменти.
Тизмеден кантип чыгууга болот?
Ал үчүн авиакомпания же мамлекет төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
«Кара тизмеге» кирүүнүн кесепети
Европага жасалган каттамдарга гана эмес, башка багыттарга да таасир этет. Көп өлкө, камсыздандыруу компаниялары, лизингдик фирмалар жана инвесторлор Евробиримдиктин чечимдерине кылдат көз салып турушат. Ошондуктан бул тизмеде болуу көп учурда авиакомпаниянын аброюна терс таасир тийгизип, анын Европадан тышкаркы ишмердүүлүгүн да кыйындатат.
Түрдүү жылдары бул тизмеде Африка, Азия жана мурдагы СССР өлкөлөрүнөн ондогон авиакомпаниялар болгон. Айрым учурларда Евробиримдик бир гана авиакомпанияга эмес, көйгөй системалуу мүнөздө жана өлкөнүн авиациялык көзөмөл органынын ишине байланыштуу деп эсептесе, белгилүү бир мамлекеттин бардык авиакомпанияларына учууга тыюу салган.
Кыргызстан эмне себептен кара тизмеге кирген?
Кыргызстандын авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Европа Биримдигинин «кара тизмесинде» болуп келген. Буга негизги себеп катары «тийиштүү мамлекеттик органдардын тармакты алсыз көзөмөлдөшү» деп тыянак келтирилген: аба мыйзамдарынын жетишсиздиги, инспектордук курамдын начар даярдыгы, өлкөнүн реестринде турган учактардын жана авиакомпаниялардын санына салыштырмалуу инспектордук курамдын жетишсиздиги. Ошондой эле, инспектордук курам үчүн эл аралык тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берген тренингдердин жоктугу, эмгек акынын аздыгы жана ага байланыштуу кадрлардын көп алмашуусу жана авиапарктын эски болушу да жүйөө келтирилген.
Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан кара тизмеге кирген жалгыз өлкө эмес. 2009-жылы Казакстан дагы аудиттин жыйынтыгы менен кара тизмеге кошулган. Өлкө бизден мурдарак өзүнө карата киргизилген чеектөөлөрдөн жарым-жартылай арылган. Ал эми Тажикстан 2016-жылы кара тизмеге кошулган. Өзбекстан бул тизмеге бир дагы жолу кирип көргөн эмес.
Тизмеден чыгуу үчүн жасалган кадамдар
2022-жылы президенттин жарлыгы менен атайын стратегиялык план иштелип чыккан. Өлкө тизмеден чыгуу үчүн ИКАОнун бир нече аудитинен өтүүгө аракет кылган. Алар:
Муну менен катар авиапаркты жаңылоо, авиабекеттерди жаңылоо жана кызматкерлердин кесиптик көндүмдөрүн эл аралык талаптарга ылайык келтирүү үчүн окутуулар, билим алмашуулар да аткарылган. Авиакомпанияларга болгон талаптар катаалдаштырылып, кооптуу жүк ташуу эрежелери өзгөртүлүп, пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
2024-жылы президент «Airbus» компаниясынын жетекчиси Йохан Пелиссье менен жолугуп, учак сатып алуу маселесин талкуулап, быйыл март айында «Airbus А321ceo» үлгүсүндөгү эки учак сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Буга чейин Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги өлкөнүн ЕБдин кара тизмесинде болуусу учак сатып алуудагы бааларга таасир этерин билдирген.
Процедуралар толук аяктагандан кийин кыргызстандык авиакомпаниялар Европага жүк жана жүргүнчү ташуу боюнча авиакаттамдарды аткара алат.