23:23, 9-май, 2026

Москва Киевдеги дипломаттарга эскертүү таратты

На русском
11:03, 7-май, 2026 724

АКИpress - Россиянын Тышкы иштер министрлиги Киевдеги дипломаттардан жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнөн эвакуацияланууну суранып, бардык аккредиттелген дипломатиялык миссияларга чакыруу жөнөттү. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

Жөнөтүлгөн нотада Россиянын Коргоо министрлиги Киев Москвага 9-майга карата сокку урушу мүмкүн деген жүйө келтирилген.

Министрлик бул билдирүүгө олуттуу карап, Украина тарап сокку урууга бел байлап жатса, дипломаттарды Киевден алдын ала эвакуациялоо зарылдыгын билдирген.

Захарова акыркы күндөрдөгү окуяларды эске алуу менен, Украина президенти Владимир Зеленскийдин билдирүүлөрү кооптонуу жаратканын айтып, Россия ага жооп кайтарууга даяр экенин белгиледи.

4-майда Россия менен Украина тарап атышуу убактылуу токтотуларын билдиришкен. Бирок алар тынчтык келишиминин так мөөнөтүн макулдашкан эмес. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»