АКИpress - Соңку 24 саатта Америка Иран менен абдан жакшы сүйлөшүү жүргүздү, деп билдирди Дональд Трамп.
«Биз келишим түзүшүбүз толук мүмкүн.
«Азыркы учурда баары жакшы жүрүп жатат жана биз каалаганыбызды алышыбыз керек. Эгерде андай болбосо, анда чоң кадам таштоого аргасыз болобуз. Бирок алар келишим түзгүсү келет», - деди Трамп Ак үйдө журналисттерге.
Ал Иран өзөктүк куралдан баш тартууга макул болгонун билдирди.
«Ирандын өзөктүк куралы болбошу керек жана алар буга макул болушту», - деп кошумчалады Трамп. Ошол эле учурда Тегерандын бул шартка макул болгонуна башка далил жок.
Трамптан Ирандан жооп алуу үчүн канча мөөнөт берилгенин сурашты, бирок президент мөөнөт жок экенин белгиледи.
«Axios» жана башка маалымат каражаттары билдиргендей, Ак үйдө Иран менен тынчтык келишимине кол коюуга убакыт жакындап калды деп эсептешет. Тактап айтканда бир барактуу меморандум тууралуу сөз болуп жатат, ал согушту токтотуп, Ирандын өзөктүк программасы боюнча деталдуу сүйлөшүү үчүн негиз түзүшү керек.
Иранда АКШнын жаңы сунушун карап жатышканын жана башкы ортомчу болгон Пакистан аркылуу жооп беришерин билдиришти.