АКИpress - Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) 2028-жылы Лос-Анжелесте (АКШ) боло турган Олимпиада оюндарына чейинки рейтингдик жана лицензиялык турнирлерди жарыялады.
Бул жолу Олимпиадага тандоо процессине өзгөртүү киргизилди. Лицензиялык турнирлерден тышкары жолдомону дүйнөлүк рейтинг аркылуу да алууга болот.
Тактап айтканда дүйнө чемпионатында жана лицензиялык турнирлерде жолдомо алып, ал эми рейтингдик жана континенталдык турнирлерде, ошондой эле дүйнө чемпионатында упай топтоого болот.
Олимпиадага тандоо 2027-жылдын февраль айында башталат.
Кыргызстандык спортчулар үчүн турнирлердин жүгүртмөсү:
2027-жыл
15-21-февраль — биринчи рейтингдик турнир
20-марттан 4-апрелге чейин — Азия чемпионаты
31-майдан 6-июнга чейин — экинчи рейтингдик турнир
19-25-июль — үчүнчү рейтингдик турнир
11-19-сентябрь — дүйнө чемпионаты
Жолдомо ойнотула турган биринчи турнир 2027-жылдагы дүйнө чемпионаты болот, ал 11-19-сентябрда өтөт. Ар бир олимпиадалык салмактагы 4 мыкты балбан жолдомо алат.
2028-жыл
17-23-январь — төртүнчү рейтингдик турнир
6-12-март — Азия чемпионаты
14-16-апрель — Азия лицензиялык турнири
18-21-май — дүйнөлүк лицензиялык турнир
2028-жылы 14-19-мартта өтө турган Африка чемпионатынын жыйынтыгы боюнча акыркы дүйнөлүк рейтинг түзүлөт, ТОП-3кө кирген спортчулар лицензия алышат.
Континенталдык лицензиялык турнирлерде жолдомону финалга чыккан спортчулар алышат.
Дүйнөлүк лицензиялык турнирде жолдомону жеңүүчүлөр гана алышат.