АКИpress - Дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана Париж Олимпиадасынын байге ээси Жоламан Шаршенбеков эмне үчүн акыркы убакта күрөшпөй жатканын айтып берди.
2024-жылы Франциядагы Олимпиадада 3-орунду ээлеп, коло байгени тагынгандан кийин кыргызстандык спортчу Польшада бир гана мелдешке катышты.
Балбан Париж Олимпиадасынан кийин бир гана мелдешке катышканын, анда жаракат алганына карабай жеңишке жеткенин белгилеп, бирок андан кийин дарыгерлер жаракаттан толук айыгууну талап кылышканын билдирди.
«Ошондон бери мен күрөшө элекмин», - деди Шаршенбеков маектеринин биринде.
Польшада кыргызстандык спортчу жаңы өткөн 63 кг салмак категориясында күрөшүп, алтын медалга ээ болгон.
Спортчу жаракатты туура, тийиш болгон сыноо катары кабыл аларын кошумчалады.
«Азырынча килемге чыкпай, физикалык даярдыкка көңүл буруп жатам. Спорттон кеткен жокмун. Мени болгону жаракатым кармап турат. Болбосо күрөштү жана чоң мелдештерди сагындым», - деди Шаршенбеков.
Учурда спортчу Кыргызстандын курама командасынын курамында Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүүдө.