АКИpress - 5-майда ӨКМдин куткаруучулары «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш сейил багындагы туристтер токтоочу жайдан эки япониялык жаранды эвакуациялашты.
Маалым болгондой, Чүй облусунун ӨКМ башкармалыгынын 112 кызматына «Корона чокусунун» аймагынан биринин абалы начарлаганы тууралуу эки япониялык жарандан кайрылуу түшкөн. Куткаруу операциясын жүргүзүү үчүн ӨКМдин тоо-куткаруу отрядынын 8 куткаруучусу тартылган.
Куткаруучулар жерине барып, жабыр тарткан адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Экинчи жарандын абалы туруктуу деп бааланган.
Чет элдик жарандар тоодон түшүрүлүп, Бишкектин шаардык ооруканаларынын бирине жеткирилген.