АКИpress - Бишкекте баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
5-майда милицияга шаар аймагында белгисиз бирөө синтетикалык баңгизаттарды таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, шектүү катары 1988-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалган. Аны тинтүү учурунда кара баштыкка оролгон, ичинде синтетикалык баңгизаты бар 43 таңгак табылып алынган.
Мындан тышкары кармалган аялдын көрсөтмөсү менен мурда катылган «закладкалар» аныкталып, ал жерлерден кошумча дагы 50 таңгак алынган. Жалпысынан 93 таңгак баңгизат алынды.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар синтетикалык баңгизат болуп саналат.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.