22:51, 9-май, 2026

Казакстан Кыргызстанга 1,7 эсе көп дан жеткире баштады

На русском
09:17, 7-май, 2026 410

АКИpress - Казакстан Кыргызстанга буудайды жана унду экспорттоону көбөйттү. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар маалымдады.

«Улуттук «Азык-түлүк келишим корпорациясы» ААКсынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын мартына чейинки мезгилде Кыргызстанга жеткирүүлөр 1,7 эсеге, 233 миң тоннадан 393 миң тоннага чейин өскөн.

Салыштыруу үчүн: ушул эле мезгилде Өзбекстанга буудай экспорту 15%га көбөйүп, 8,4 млн тоннага, Ооганстанга — 35%га көбөйүп, 1,5 млн тоннага, Түркмөнстанга — 1,5 эсеге көбөйүп, 156 миң тоннага жеткен. Тажикстан 2026-жылы казакстандык буудайды импорттоону 1,3 млн тоннага чейин көбөйтүүнү пландап жатат.

Жалпысынан 7 айда — 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын мартына чейин — Казакстан 9,9 млн тонна буудайды жана унду буудай эквивалентинде экспорттоду, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 млн тоннага көп.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»