22:47, 9-май, 2026

«ПСЖ» Чемпиондор лигасынын финалына чыкты

На русском
08:51, 7-май, 2026 427

АКИpress - Франциянын «ПСЖ» клубу тарыхта үчүнчү жолу Европанын Чемпиондор лигасынын финалына жолдомо алды.

Париж клубу жарым финалдын жооптук беттешинде Мюнхендин «Бавария» клубу менен 1:1 эсебинде тең ойноду.

Мюнхендиктер менен париждиктердин алгачкы оюну Франциянын борборунда өтүп, Луис Энрикенин командасы 5:4 эсебинде жеңишке жеткен болчу.

Эми «ПСЖ» финалда Лондондун «Арсеналы» менен кездешет.

Быйылкы турнирдин финалы 30-майда Венгриянын Будапешт шаарындагы «Пушкаш Арена» стадионунда өтөт.

Чемпиондор лигасынын соңку жеңүүчүсү «ПСЖ» болуп саналат, ал өткөн жылдын финалында «Интерди» 5:0 эсебинде жеңген.

Буга чейин «ПСЖ» турнирдин финалдарына 2019/2020 жана 2024/2025 сезондорунда катышкан. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»