20:11, 24-апрель, 2026

Ахунбаев көчөсүндөгү көйгөйлүү курулуш колдонууга берилди

На русском
15:44, 24-апрель, 2026 445

АКИpress - Бишкектеги көп батирлүү турак үй мыйзамдаштырылганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеп Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 173 дарегиндеги 9 кабаттуу турак үй жөнүндө болуп жатат.

Имарат 2014-жылы «Гарант Стиль Курулуш» ЖЧКсы тарабынан курулган.

«Эксплуатацияга берүү маселеси 10 жылдан ашык чечилбей келген. Бул убакыт аралыгында тургундар батирлерин менчикке каттай албай, документтерди алууда кыйынчылыктарга туш болуп, коммуналдык кызматтарды жогорулатылган тарифтер менен төлөп келишкен», - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат үчүн:

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Гарант Стиль Курулуш» ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүсү Кая Зекерия.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»