19:08, 24-апрель, 2026

Бишкекте 9 миллион сомдук алдамчылыкка шектелген адам кармалды

На русском
15:26, 24-апрель, 2026 229

АКИpress - Алдамчылыкка шектүү адам кармалды, деп билдирди 24-апрелде Бишкек милициясы.

Арыз ээсинин айтымында, 22-январда өздөрүн УКМК, ИИМ жана Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар аны алдап, 9 миллион 123 миң 470 сом которууга мажбурлашкан. 23-январда ал милицияга кайрылган.

Шектүү катары 1991-жылы туулган Ж.И. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары тергөө иштеринин алкагында дагы беш шектүү аныкталды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»