АКИpress - Бишкекте «Орто-Сай» базарынын жанында 245 унаага ылайыкталган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылды.
Жаңы жай жер төлөсү менен бирге 5 кабаттуу имараттан турат, жалпы аянты 11 миң 870 чарчы метрди түзөт. Ичинде эки лифт жана эки авариялык тепкич каралган, транспорт үчүн өзүнчө кирип-чыгуу жолдору уюштурулган.
Буга чейин бул аймакта — №7/1 үйдүн жанында балдар аянтчасы болгон. Ушуга байланыштуу унаа токтотуучу жайдын үстүнө 3 теннис корту курулуп, ижарага берилет. Аймак бийик тосмо менен тосулган. Долбоорду ишке ашыруучунун маалыматы боюнча, мындай чечим Кыргызстанда биринчи жолу колдонулууда.
Объекттин өзгөчөлүктөрүнүн бири – Жукеев-Пудовкин жана Безымянная көчөлөрүнө чыккан чоң LED-экрандын орнотулушу болду.
Унаа токтотуучу жайдын курулушу базар аймагындагы транспорттук тыгынды азайтууга багытталган, ал жерде дем алыш күндөрү унаа токтотуучу орундардын жетишсиздиги байкалат.
Унаа токтотуучу жайды пайдалануу баасы алгачкы эки саатка 30 сом, андан кийинки ар бир саатына 10 сом болот.
Инвестор тарабынан долбоорду ишке ашырууга 220 млн сомдон ашык каражат жумшалды.