18:19, 24-апрель, 2026

Жакында эле Садыр Жапаров менен жолуккан ишкер Трампка байланышкан долбоорду сотко берди

На русском
14:48, 24-апрель, 2026 503

АКИpress - TRON блокчейн платформасынын негиздөөчүсү Жастин Сан АКШнын президенти Дональд Трамп менен байланышкан «World Liberty Financial» долбооруна каршы Калифорниянын федералдык сотуна доо арыз берди. Бул тууралуу ал «X» социалдык тармагындагы баракчасында жазды.

Сандын айтымында, ал аталган долбоорго кеминде 75 млн доллар инвестиция салып, долбоордун эң ири тышкы инвестору болгон. Ал билдиргендей, 2025-жылдын сентябрында долбоор анын капчыгын тоңдурган. Бул HTX биржасына токендердин бир бөлүгү которулгандан кийин болгон. Ошол учурда бөгөттөлгөн токендердин баасы 100 млн доллардан ашкан. 2026-жылдын апрелине карата токендин баасы арзандап, наркы болжол менен 43 млн долларга чейин түшкөн.

Сан маселени сотко жеткирбей чечүүгө аракет кылганын, бирок долбоордун командасы токендерди колдонуусуна макул болбогонун билдирди.

Ал долбоордун башкаруу боюнча жаңы сунушун сынга алды. Анын айтымында, эгер сунуш кабыл алынса, жаңы шарттарга макул болбогон токен ээлеринин активдери мөөнөтсүз бөгөттөлүшү мүмкүн.

Ошентсе да Сан бул аракеттерди Трамптын жеке позициясы менен байланыштырбай турганын айтып, аны колдой берерин белгиледи.

18-апрелде Жастин Сан Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров менен жолуккан. Алар виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселесин талкуулашкан. Бишкек Web3 жана криптоиндустриянын аймактык борбору болуу ниетин билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»