АКИpress - Бүгүн, 24-апрелде Бразилияда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө кубогунда Кыргызстандын эки спортчусу жарым финалга чыгуу үчүн ат салышат.
«World Boxing» боюнча Дүйнө кубогу учурда Фош-ду-Игуасу шаарында өтүүдө. Турнирдин бешинчи күнүндө чейрек финалдык беттештер башталып, анда Кыргызстандын эки мушкери күчүн сынайт.
Беттештер:
саат 20:00
60 кг чейин, 1/4 финал
Салим Эллис Бэй (АКШ) — Мунарбек Сейитбек уулу
саат 02:00
50 кг чейин, 1/4 финал
Анвар Хожиев — Айзаз Омер (Австралия).