АКИpress - Кыргызстанда оор турмуштук абалда турган балдардын эс алуусун уюштуруу уланууда, деп билдирди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков 24-апрелде «Ишеним» депутаттык тобунун жыйынында.
Анын айтымында, жыл сайын бул максаттарга болжол менен 15 млн сом бөлүнөт. Акыркы жылдары 2 миңден ашык бала ден соолугун чыңдоо лагерлерине жөнөтүлдү.