19:15, 24-апрель, 2026

«Бала ырысы» жөлөк пулун 25 миңден ашуун адам алып жатат

На русском
12:10, 24-апрель, 2026 270

АКИpress - Кыргызстанда балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча жаңы чаралар ишке ашырылууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын июль айынан тарта ар бир бала үчүн 18 жашка чейин 500 миң сом топтоону караган «Балага келечек» программасы иштеп жатат. 2025-жылы бул программаны 100 бала пайдаланган.

Ушул жылдан баштап тоолуу жана алыскы райондордогу көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн жаңы төлөмдөр киргизилди:

  • төртүнчү бала үчүн — 100 миң сом;
  • жетинчи бала үчүн — 1 млн сом;
  • онунчу жана андан кийинки балдар үчүн — 2 млн сом.

Ошондой эле үчүнчү жана андан кийинки балдарга үч жашка чейин ай сайын берилүүчү 3 миң сом өлчөмүндөгү «Бала ырысы» жөлөк пулу киргизилген. Министрдин орун басары белгилегендей 1-апрелге карата бул жөлөк пулду 25 миңден ашуун адам алууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»