18:29, 24-апрель, 2026

АКШдан 95 кыргызстандык депортацияланды

На русском
10:32, 24-апрель, 2026 481

АКИpress - Кыргызстандын 95 жараны АКШдан депортацияланды, деп билдирди Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев «АКИpress» агенттигине берген маегинде.

Ал АКШда чет элдик жарандарга карата миграциялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралар көрүлгөндүгүн айтты.

«Бул чаралар Кыргыз Республикасын кошкондо, көптөгөн мамлекеттин жарандарына тиешелүү. Жүргүзүлүп жаткан миграциялык иш-чаралардын жыйынтыгында 2025-2026-жылдары АКШдан 98 кыргызстандык депортацияланды.

Ушуга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө жүргөн же саякаттоону пландап жаткан кыргызстандыктарды ал өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдарын так сактоого жана керектүү документтерди өз убагында тариздөөгө чакырат», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»