20:18, 24-апрель, 2026

Кытайдан тыюу салынган балык торлорун алып кирүү аракети бөгөттөлдү

На русском
09:58, 24-апрель, 2026 407

АКИpress - «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери жалган декларациялоо фактысын аныктап, Кыргызстанга тыюу салынган товарларды алып кирүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа Кытай Эл Республикасынан «Кант» кампасына «М.Л.» ЖЧКсынын дарегине келген. Документтерде товар эмерек отургучтары, фурнитура жана идиш-аяк катары көрсөтүлгөн.

Бажылык кароонун жүрүшүндө товар декларацияланбаган, жалпы салмагы 18 кг болгон эки комплект балык уулоочу тор болгону аныкталган.

Кызмат өлкөгө синтетикалык балык уулоочу торлорду жана балык кармоочу электр жабдууларын алып кирүүгө, өндүрүүгө жана колдонууга тыюу салынганын эске салды. Чектөөлөр Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоого багытталган президенттин жарлыгынын алкагында да күчүндө.

Аныкталган торлор алынып, убактылуу сактоочу кампага коюлду. «М.Л.» ЖЧКсына карата мыйзамдарга ылайык чара көрүлөт, тыюу салынган товар жок кылынат.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»