АКИpress - Бишкекте таттууларды уурдоого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу 23-апрелде Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга арыз менен кайрылган жаран 28-мартта Бишкектеги гипермаркеттен белгисиз кыз жалпы баасы 24 миң 450 сомдук шоколад уурдап кеткенин кабарлаган.
Бул факт боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1997-жылы туулган кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда анын ушул сыяктуу дагы жети кылмышка тиешеси бар экени аныкталды. Тергөө уланууда.