17:39, 23-апрель, 2026

ЕБ Кыргызстанга карата чаралар камтылган Россияга каршы санкция пакетин кабыл алганы турат

На русском
15:40, 23-апрель, 2026 439

АКИpress - Евробиримдик Россияга каршы 20-санкция пакетин кабыл алууга даяр.

«Reuters» агенттиги жазгандай, анда биринчи жолу чектөөлөрдү айланып өтүүгө жардам берген үчүн үчүнчү өлкөгө каршы чаралар киргизилет. Бул тизмеге Кыргызстан да кирди. Кыргызстанга карата порттор менен бүтүм түзүүгө тыюу салуу жана айрым товарларды жеткирүүгө чектөө киргизүү пландалууда. ЕБге мүчө өлкөлөрдүн элчилери жаңы пакетти колдоого даяр.

Буга чейин санкция пакетин кабыл алууга Словакия менен Венгрия каршы болуп келген, бирок кийин өз каршылыгын алышкан. Бул Украинанын аймагындагы «Дружба» мунай куурунун оңдолуп, орус мунайынын транзити кайра жанданганынан кийин болду. Словакиянын тышкы иштер министри өлкө «Дружба» аркылуу мунай Словакияга келе баштаганда бул пакетти колдой турганын билдирди.

Евробиримдик бул пакетти февраль айында эле кабыл алууну каалаган, бирок анда өлкөлөр орток чечимге келе алган эмес. Жаңы пакетке ошондой эле Россиянын энергетика тармагына каршы катуураак чаралар, «көмүскө флотко» каршы чектөөлөр, орус газ ташуучу кемелерине жана муз жаргычтарына кызмат көрсөтүүгө баскыч-баскычы менен тыюу салуу, ошондой эле өндүрүшчүлөргө жана мунайды кайра иштетүүчү ири заводдорго каршы жаңы санкциялар кирет. Бул пакет жакынкы күндөрү толук бекитилет деп күтүлүүдө.


Маселе тууралуу 

2026-жылдын январь айында Bloomberg билдиргендей, Евробиримдик Россияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам бергендиги үчүн Кыргызстанга карата бир катар чектөө чараларын даярдап жаткан.

2022-жылдын башынан бери АКШнын жана Улуу Британиянын Финансы министрлигинин санкцияларына Кыргызстандан 20дан ашык компания кабылды. Алардын арасында ири банк жана мунай-газ компаниялары бар. Өлкөгө каршы экинчи санкциялар финансылык институттар жана мунай менен гана байланыштуу эмес, санкциялык тизмелерде жеткирүүчү компаниялар да камтылган:

  • электрондук жана телекоммуникациялык жабдуулар,
  • IT-инфраструктура, 
  • авиациялык күйүүчү май,
  • аба транспорту ж.б.

«Brookings Institution» экономисти Робин Брукс өз эсептөөлөрүндө Европадан Кыргызстанга экспорттук жеткирүүлөрдүн кескин өскөндүгүн билдирген: Эстониядан — 10000%, Финляндиядан — 3100%, Польшадан жана Грециядан — 2200% жана 2100%, Норвегиядан, Улуу Британиядан, Германиядан жана Чехиядан — 1000% ашык.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»