АКИpress - Улан Маматканов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалганын Президенттик администрация маалымдады.
Анын бул кызматка талапкерлигин президент сунуштаган. Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин 22-апрелде жактырган.
Буга чейин аталган кызматты АКШга элчи болуп дайындалган Эдил Байсалов ээлеп келген.