АКИpress - Казакстандын Мангистау облусунун Кара-Кыя районунун дыйкандары малдары жапырт кырылганын айтып, муну алар жамгырдан улам пайда болгон саздуу жана баткак жерлерге байланыштырып жатканын «Lada.kz» жазды.
Райондун акимиаты 20-апрелде 237 баш мал, анын ичинде 100дөн ашык жылкы, ошондой эле жүздөн ашык кой-эчки өлгөнүн каттаган. 21-апрелде — 316 баш мал кырылган, анын негизги бөлүгү жылкы, калгандары кой-эчки болгон. Жалпысынан эки күндө райондо 550дөн ашык баш мал кырылган. Анын жарымына жакыны жылкы болгон.
Учурда малдын санын эсепке алуу жана тиешелүү актыларды тариздөө иштери жүрүп жатканы, өлгөн малды утилизациялоо жана кенемте төлөө иштери башталары кабарланды.