16:44, 23-апрель, 2026

Бишкек шаарынын 148 жылдыгы кантип белгиленет?

На русском
14:53, 23-апрель, 2026 212

АКИpress - 29-апрелде Бишкек шаарынын 148 жылдыгы белгиленет.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектин төрт районунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Свердлов району:

  • Саат 09:00до Карагач багында №23 мектебинин окуучулары арасында чуркоо уюштурулат.
  • Саат 11:00дө «Театр» сейил багында  искусство мектептеринин жана балдардын чыгармачылык борборлорунун катышуусунда Бишкек – кылымдардын гармониясы аттуу иш-чара өтөт.

Биринчи Май району:

  • Саат 15:00дө «Вефа» соода оюн-зоок борборунда майрамдык концерт өтөт.
  • Саат 17:00дө «Панфилов» атындагы сейил багында «Кечки Бишкек» жана «Келечектин шаары» темаларында мольберт жана асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар, ошондой эле кийизден жасалган буюмдар боюнча окутуулар өтөт.

Октябрь району:

  • Саат 17:00дө «Ынтымак-2» сейил багында Кыргызстандын эл артисти Курмангазы Азыкбаев жана «Энесай» тобунун катышуусундагы майрамдык концерт өтөт.

Ленин району:

  • Саат 11:00дө Фучик сейил багында эстрада ырчыларынын жана фольклор аткаруучуларынын, ошондой эле Балдар чыгармачылык борборлорунун чыгармачыл топторунун катышуусунда майрамдык концерт өтөт. Коноктор үчүн квиллинг, чоподон буюм жасоо, кол өнөрчүлүк, жыгачка сүрөт тартуу, атлас жип менен гүл жасоо жана салттуу көөкөр кол өнөрчүлүгү боюнча мастер-класстарына катыша алышат. Ошондой эле аркан тартыш жана тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндар боюнча мелдештер, эстафеталар жана шахмат турнирлери өткөрүлөт.

Ал эми саат 18:00дө Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт башталат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»