16:34, 23-апрель, 2026

Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга соттолду

На русском
14:36, 23-апрель, 2026 1063

АКИpress - Чүй облустук соту 23-апрелде Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Бегалиев Талас Кубанычбековичке карата чечим чыгарды, деп «АКИpress» редакциясына облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал төмөнкү беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды:

- КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгү (паракорчулук);

- 262-беренесинин 2-бөлүгү (кылмыштуу шериктештикке катышуу);

- 263-беренесинин 1-бөлүгү (уюшкан топту жана кылмыштуу шериктештикти каржылоо, башкача айтканда, акча каражаттарын, буюмдарды, заттарды жана (же) башка мүлктү берүү же топтоо, мүлккө укук же мүлктүк мүнөздөгү пайдаларды берүү, ошондой эле белекке берүү, алмашуу, кайрымдуулук, кайрымдуулук жардам, маалыматтык жана башка түрдөгү кызматтарды көрсөтүү же жеке адамга, же адамдар тобуна, же юридикалык жакка финансылык кызмат көрсөтүү;

- КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгү, 2-пункту (алдын ала сүйлөшүп алган адамдар тобу тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо).

Ал мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.

2025-жылдын 19-майында УКМКнын басма сөз кызматы Бегалиевдин жана дагы эки адамдын кармалышы тууралуу маалымат тараткан. Материалдарда Бегалиев милицияда жетекчилик кызматтарда иштеп турганда, «Дөө-Чыңгыз» деген каймана аты менен белгилүү 2022-жылы №21 тергөө абагында киши колдуу болгон кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун өкүл атасы болгондугу айтылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Бегалиев уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери менен биргеликте Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан жалпы аянты 2 гектар, баасы 2 млн доллар болгон эки жарандын жер тилкесин тартып алган. Кийинчерээк, УКМК белгилегендей, бул жер Бегалиевдин туугандарынын атына кайра катталган.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»