16:44, 23-апрель, 2026

Кытайда Кыргыз улуттук тарых музейинин коллекцияларына арналган китеп-альбом чыкты

На русском
14:34, 23-апрель, 2026 119

АКИpress - Кытайда Кыргыз улуттук тарых музейинин уникалдуу коллекцияларына арналган китеп-альбом басылып чыкты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Китепти басып чыгаруу Кыргызстандын Улуттук тарых музейи менен Кытайдын Хэбэй педагогикалык университетинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашты.

Китеп-альбомго Кыргызстандын аймагынан табылган баалуу археологиялык жана этнографиялык экспонаттар киргизилген. Алардын арасында Чүй өрөөнүнөн табылган «Шамшы ханышасы» комплекси, Сак дооруна таандык ат жабдыктарынын бөлүктөрү, таш балбалдар, керамикалык идиштер сыяктуу археологиялык табылгалар бар. Ошондой эле басылмага көчмөн кыргыз элинин маданиятын чагылдырган этнографиялык коллекциялар — улуттук кийимдер, саймалардын салттуу оймо-чиймелери, күмүш жана шуру менен кооздолгон аялдардын жасалгалары, курал-жарактар жана башка уникалдуу артефакттар кирген.

«Бул басылма кыргыз элинин бай тарыхый жана маданий мурасын эл аралык деңгээлде жайылтууга багытталган маанилүү долбоор болуп саналат», - деп белгилешти Маданият министрлигинен.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»