16:50, 23-апрель, 2026

Кыргызстандын статистика органдарынын түзүлгөндүгүнө 100 жыл толду

На русском
12:59, 23-апрель, 2026 163

АКИpress - Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн статистика органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чарага катышты.

Иш-чаранын башталышында алгач Кыргызстандагы статистика органдарынын калыптануу жана өнүгүү тарыхы жөнүндө документалдуу фильм көрсөтүлдү. Анда сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев бул маараке менен президенттин жана Министрлер кабинетинин атынан куттуктады. Ал учурда 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы ишке ашырылып жатканын, анда мониторинг системасынын негизги куралы болгон статистиканын алдында жаңы милдеттер турганын белгиледи.

Анын айтымында, статистикалык маалыматтар боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясы 2025-жылы 2 трлн сомго жакындаган, өсүү темпи орточо 11,1%ды түзгөн. Ал эми 2026-жылдын январь-март айынын жыйынтыгы боюнча ИДПдагы өсүү 10,1%ды түзгөн.

Андан соң, мамлекеттик статистиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн жана мааракеге байланыштуу тармактын кызматкерлерине ардак грамоталар берилип, алкыштар айтылды.

Саамалыкка өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, Жогорку Кеңештин, Бириккен Улуттар Уюмунун, Бүткүл дүйнөлүк банктын, Евразия экономикалык комиссиясынын, КМШ өлкөлөрүнүн жана башка эл аралык уюмдардын жана өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»