16:44, 23-апрель, 2026

Бүгүн Омар Ливаза Дүйнө кубогунда чейрек финалга чыгуу үчүн беттешет

На русском
12:58, 23-апрель, 2026 233

АКИpress - Ушул күндөрү Бразилияда бокс боюнча Дүйнө кубогу өтүп жатат.

«World Boxing» боюнча Дүйнө кубогунун биринчи баскычы 20-апрелде Фош-ду-Игуасу шаарында башталган.

Турнирдин төртүнчү күнү, 23-апрелде 1/8 финалдык беттештер уланат, анда рингге Кыргызстандан бир спортчу чыгат.

Омар Ливаза чейрек финалга чыгуу үчүн беттеш өткөрөт, анын атаандашы Жаңы Зеландиянын өкүлү болмокчу.

Буга чейин Мунарбек Сейитбек уулу менен Анвар Хожиев 1/8 финалда жеңишке жетип, чейрек финалга чыгышкан. Ал эми Ихтияр Нишонов алгачкы беттешинде утулуп, медалдар үчүн күрөштөн четтеди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»