16:08, 23-апрель, 2026

Кыргызстанда жүк ташыган айдоочулар европалык стандарт боюнча окутулат

На русском
12:22, 23-апрель, 2026 449

АКИpress - Кыргызстанда жүк ташыган айдоочуларды Европанын сертификаты (Code 95) үчүн окута башташат, деп билдирди Президенттик иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев.

Окутуу 2026-жылдын июнь-июль айларында башталат.

Туманбаев белгилегендей, программаны ишке киргизүү боюнча Европа тарап менен сүйлөшүүлөр аяктады. Окутуу Европанын лицензияланган компаниясынын катышуусунда жүргүзүлөрү, ал айдоочуларды Европада ишке орноштурууга көмөк көрсөтөрү маалымдалды.

Программа эки форматта каралган:

  • 1 жума — 2009-жылдын 10-сентябрына чейин CE категориясын алган айдоочулар үчүн (болжол менен 35 саат теория жана практика)
  • 3 жума — аталган күндөн кийин CE категориясын алган айдоочулар үчүн

Туманбаевдин айтымында, окутуу жарандарга ортомчуларсыз, Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө барбастан квалификация алууга мүмкүндүк берет, бул убакытты жана чыгымдарды кыскартат. 

Code 95 сертификаты Европа Биримдигинде жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашырган айдоочулар үчүн милдеттүү талап болуп саналат жана расмий ишке орношууга укук берет.

Туманбаев билдиргендей, Кыргызстанда окуудан өткөндөн кийин айдоочулар Европадан кошумча экзамендерсиз сертификат ала алышат. Ал улуттук айдоочулук күбөлүк болгон шартта жарактуу.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»