АКИpress - Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 24-апрелге караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнү
түнкүсүн +8...+13
күндүз +18...+23
Талас өрөөнү
түнкүсүн +3...+8
күндүз +16...+21
Баткен облусу
түнкүсүн +10...+15
күндүз +22...+27
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +10...+15
күндүз +22...+27
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +4...+9
күндүз +14...+19
Нарын облусу
түнкүсүн +3...+8
күндүз +16...+21
Бийик тоолуу райондор
түнкүсүн 0...-5
күндүз +2..+7
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+13°, күндүз +20...+22° болот.