18:04, 23-апрель, 2026

15 жыл мурда чыккан унаасы жана 1 үйү бар аз камсыз үй-бүлө «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун ала алат

11:59, 23-апрель, 2026 787

АКИpress - Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарын «Үй-бүлөгө көмөк» – ай сайын жөлөк пулу менен камтууну кеңейтүү жана аны жакшыртуу максатында Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелинде № 242 токтомун кабыл алды.

Аталган токтомго ылайык, жеңил автоунаанын завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга азайтылып, менчигинде бир турак жайы бар аз камсыз үй-бүлөлөр аталган жөлөк пулун ала алышаары, ал эми эки же андан көп турак жайга ээ болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилбей тургандыгы белгиленди.

Бул жөлөк пулга муктаждыкты аныктоочу кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сомдон 1500 сомго чейин жогорулатылды. Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет. Райондук коэффициент каралган калктуу конушта жашаган жаранга «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу райондук коэффициентти кошуу менен төлөнөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»