16:07, 23-апрель, 2026

Майда кыргызстандыктар катары менен 10 күн эс алышат

На русском
11:58, 23-апрель, 2026 394

АКИpress - 2026-жылдын өндүрүштүк календарына ылайык, Кыргызстанда май майрамдарына карата эс алуу күндөрү белгиленди.

1, 2, 3, 4, 6, 7 жана 8-май иш күн эмес деп жарыяланды.

Мындан тышкары, 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү, ал эми 9-май — Жеңиш күнү катары белгиленет. Бул даталар да иш күн эмес болуп саналат.

Ошону менен бирге бул жылы 9-май эс алуу күнүнө (ишембиге) туш келет. Жаңы Эмгек кодексине ылайык, майрамдык эс алуу күндөрүн иш күндөрүнө которуу каралган эмес.

Ошентип, кыргызстандыктар 1-майдан 10-майга чейин катары менен 10 күн эс алышат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»