15:18, 23-апрель, 2026

Ысык-Көлдүн жээгин «көмүү»: Илимдер академиясынын президенти комментарий берди

На русском
11:06, 23-апрель, 2026 683

АКИpress - Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов «АКИpress» агенттигине Ысык-Көл районунун Тамчы айылында көлдүн жээгин шагыл менен толтуруу фактысына комментарий берди.

Анын айтымында, үйлөр жана пансионаттар курулуп жаткан аймакта жээк сызыгы жасалма жол — кум төгүү менен узартылып жатат.

Ал 2000-жылы өкмөттүн атайын токтому менен бекитилген Ысык-Көл биосфералык аймагы бар экендигин эске салды. Кийинчерээк документке бир нече жолу толуктоолор киргизилип, бирок аймактын статусу сакталып калган.

«Биосфералык аймак жөнүндөгү мыйзамда ал бир нече зонага бөлүнөөрү көрсөтүлгөн. Курулуш башталган жер – бул ядердик аймак. Анын аймагында түрдүү чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Эгер куруучулар өздөрүн буфердик зонада деп эсептешсе, ал жерде да чектөөлөр бар экендигин эстен чыгарбоо керек: өнөр жай жана өндүрүш объекттерин жайгаштырууга жана пайдаланууга, токой кыюуга, гидрологиялык режимди өзгөртө турган жаңы өсүмдүк түрлөрүн киргизүүгө жана жалпы экосистеманы буза турган башка иш-аракеттерге тыюу салынат. Бирок ал жерде эмне болуп жатканын билбейм… Буга, менимче, биринчи кезекте мыйзам чыгаруучулар жана укук коргоо органдары көңүл бурушу керек, анткени бул ачык мыйзамсыздык», - деди ал.

Буга чейин активист Эртай Искаков «Елизавета», «Урпак Резорт» («Кыргыз Инвест Строй» куруучусу – ред.) жана «Авангард Резорт» («Авангард Стиль» куруучусу – ред.) курулуш компанияларынын объекттери Ысык-Көлдүн жээгине шагыл төгүп жатканын билдирген. Курулуш министрлиги ага жооп берген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»