13:22, 23-апрель, 2026

Таап алган айдоочулук күбөлүк менен унаа башкарып жүргөн адам аныкталды

На русском
11:06, 23-апрель, 2026 467

АКИpress - Башка бирөөнүн айдоочулук күбөлүгүн пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Бишкек шаарынын тургуну айдоочулук күбөлүгүн жоготуп алганын жана аны кимдир бирөө колдонуп жүргөнүн укук коргоо органдарына кабарлаган.

Кайгуул кызматкерлери аталган тартип бузуучунун өздүгүн аныкташты. Текшерүү учурунда ал башка бирөөнүн айдоочулук күбөлүгүн көрсөткөн. Ошондой эле анын өзүнүн айдоочулук күбөлүгү жок экени белгилүү болду.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»