АКИpress - Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун толук ачылышы эң кеч дегенде 2 жылдан кийин болот, деп билдирди транспорт министри Талантбек Солтобаев 23-апрелде Бишкекте өткөн транспорттук форумдун алкагында.
Министр буга чейин аталган жол 2026-жылы жайында ачылары айтылганын белгиледи.
«Коопсуздук маселесин чечмейин, жол кышында жабык, жайында ачык болот. Аны эң көп дегенде 2 жылдан кийин толук ачабыз», - деди министр.