14:27, 23-апрель, 2026

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу 2 жылдан кийин толук ачыла алат, – транспорт министри

На русском
10:49, 23-апрель, 2026 300

АКИpress - Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун толук ачылышы эң кеч дегенде 2 жылдан кийин болот, деп билдирди транспорт министри Талантбек Солтобаев 23-апрелде Бишкекте өткөн транспорттук форумдун алкагында.

Министр буга чейин аталган жол 2026-жылы жайында ачылары айтылганын белгиледи.

«Коопсуздук маселесин чечмейин, жол кышында жабык, жайында ачык болот. Аны эң көп дегенде 2 жылдан кийин толук ачабыз», - деди министр.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»