15:19, 23-апрель, 2026

Россия тарап Казакстан «Дружба» кууру аркылуу мунайын Германияга экспорттой албай турганын билдирди

На русском
10:46, 23-апрель, 2026 387

АКИpress - Казакстандын Германияга мунай транзитин токтотуу чечими техникалык мүнөздөгү маселелерге байланыштуу. Бул тууралуу Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Вести» маалымат агенттигине билдирди.

Кремлдин өкүлү Казакстандын кызыкчылыктары толугу менен эске алынарын, керектүү көлөмдөгү экспорт альтернативдик транспорттук коридорлор аркылуу камсыздаларын белгиледи.

2-апрелде Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов Астана май айында «Дружба» кууру аркылуу мунай транзити токтотулары тууралуу расмий эмес маалымат алганын билдирген.

Россиянын вице-премьери Александр Новак май айынан баштап техникалык чектөөлөргө байланыштуу Казакстандын мунайы «Дружба» кууру аркылуу Германияга жеткирилбей турганын тастыктады.

Бир күн мурда «Reuters» агенттиги тармактагы үч булакка шилтеме берип, Россия 1-майдан баштап «Дружба» кууру аркылуу Казакстандын Германияга мунай экспортун токтотууну көздөп жатканын жазган.

Казакстандын Германияга мунай экспорту 2025-жылы 44%га өсүп, 2,146 млн тоннаны (суткасына болжол менен 43 миң баррель) түзгөн. «Reuters» агенттиги Казакстандын мунайы менен Германиянын ири мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун бири – Шведт шаарындагы РСК заводу жарым-жартылай камсыздалып турарын белгилеген. Ишкана Берлин жана Бранденбург аймактарындагы 10 унаанын 9уна күйүүчү май өндүрөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»