АКИpress - Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу 2030-жылга чейин бүткөрүлөрү болжолдонууда. Бул тууралуу 23-апрелде Бишкектеги транспорттук форумдун жүрүшүндө транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев журналисттерге билдирди.
Министр өлкө альтернативдик транспорттук коридорлорду иштеп чыгышы керектигин айтты.
«Мисалы, Кыргызстанды алсак, бул Кытай аркылуу Пакистанга чыгуу», - деди Солтобаев.
Ошондой эле, анын айтымында, Европага жана Жакынкы Чыгышка кетүүчү коридорлор тууралуу да сөз болуп жатат.