15:33, 23-апрель, 2026

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушун 2030-жылга чейин бүтүрүү пландалууда, - транспорт министри

На русском
10:30, 23-апрель, 2026 439

АКИpress - Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу 2030-жылга чейин бүткөрүлөрү болжолдонууда. Бул тууралуу 23-апрелде Бишкектеги транспорттук форумдун жүрүшүндө транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев журналисттерге билдирди.

Министр өлкө альтернативдик транспорттук коридорлорду иштеп чыгышы керектигин айтты.

«Мисалы, Кыргызстанды алсак, бул Кытай аркылуу Пакистанга чыгуу», - деди Солтобаев.

Ошондой эле, анын айтымында, Европага жана Жакынкы Чыгышка кетүүчү коридорлор тууралуу да сөз болуп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»