АКИpress - 10-апрелде Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды жайылтууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 23-апрелде Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөдөгү маалымат боюнча, 2001-жылы туулган К.А.С. баңгизаттарды жашыруун жерлерге коюу менен алектенген. Андан 19 таңгак «спайс» табылган. Ошондой эле ал баңгизаттарды катып жетишкен жерлерин көрсөтүп берген.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.