15:46, 23-апрель, 2026

Бишкекте кыргыз-кытай тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялар өттү

На русском
09:42, 23-апрель, 2026 137

АКИpress - 22-апрелде Бишкекте кыргыз-кытай тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптардын делегацияларын министрдин орун басары Медер Абакиров жана Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Лю Бинь жетектешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн кеңири талкуулашты.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле тараптардын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өткөн стратегиялык диалогдун биринчи жыйынынын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшүнө көңүл бурулду. Алдыда өтө турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги маанилүү иш-чараларга даярдык көрүү маселелери өзүнчө талкууланды.

Консультациялардын алкагында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган соода-экономикалык кызматташтыкка, ошондой эле айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы жана транспорт тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга басым жасашты.

Анда БУУнун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы жана «Борбор Азия – Кытай» форматындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»