АКИpress - 22-апрелде Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Gavi (Вакциналар боюнча глобалдык альянс) уюмунун Азия, Океания жана Латын Америкасы боюнча аймактык директору Масао Такахаши менен жолугушту. Жолугушуу Астана шаарында өтүп жаткан Аймактык экологиялык саммиттин алкагында өттү.
Анда тараптар саламаттыкты сактоо тармагы түрк дүйнөсүнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүндөгү негизги фактор экенин белгилеп, саламаттыкты сактоо жана эмдөө жаатында стратегиялык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.