14:03, 23-апрель, 2026

Түрк мамлекеттер уюму менен Gavi саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

На русском
09:39, 23-апрель, 2026 151

АКИpress - 22-апрелде Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Gavi (Вакциналар боюнча глобалдык альянс) уюмунун Азия, Океания жана Латын Америкасы боюнча аймактык директору Масао Такахаши менен жолугушту. Жолугушуу Астана шаарында өтүп жаткан Аймактык экологиялык саммиттин алкагында өттү.

Анда тараптар саламаттыкты сактоо тармагы түрк дүйнөсүнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүндөгү негизги фактор экенин белгилеп, саламаттыкты сактоо жана эмдөө жаатында стратегиялык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»