АКИpress - Кыргызстандын курама командасы Кытайда өтө турган Азиянын кум үстүндөгү оюндарынын ачылыш аземине катышты.
Алтынчы жолку оюндар 22-апрелде Санья шаарында расмий түрдө башталды.
Ачылыш аземинин алкагында мелдештерге катышуучулардын парады өттү, анда Кыргызстандын желегин жеңил атлет Тимур Исаков көтөрүп чыкты.
Бул оюндарга Кыргызстандын атынан 9 спорттун түрүнөн 40 спортчу катышат.