17:14, 23-апрель, 2026

Бекзат Алмаз уулу дүйнөлүк рейтингдеги ордун сактап калды

На русском
08:43, 23-апрель, 2026 333

АКИpress - Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи.

Жаңыртылган рейтинг 6-12-апрель аралыгында Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Алмаз уулу 61 кг салмак категориясында күч сынашып, бирок баштапкы эле беттешүүдө уттуруп, байге үчүн күрөштөн четтетилип, жыйынтыгында 8-орунду ээлеген.

Бирок буа карабай кыргызстандык спортчу рейтингдеги орунун сактап калды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»