АКИpress - Үсөналиева Бактыгүл Сыртбаевна Министрлер кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу тиешелүү тескемеге Адылбек Касымалиев кол койду.
Агенттиктен билдиришкендей, ал 22-апрелде жамаатка тааныштырылган.
Бактыгүл Үсөналиева Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 2009-2010-жылдары Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин ченемдик-укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси болуп баштаган.
2010-2019-жылдары Мамлекеттик кадр кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп эмгектенген.
2020-2022-жылдары Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси кызматын аркалаган.
2022-жылдан ушул күнгө чейин аталган агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектеген.