04:25, 23-апрель, 2026

Садыр Жапаров Аралды сактап калуу эл аралык фондунун жыйынында сөз сүйлөдү

На русском
20:50, 22-апрель, 2026 298

АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарында өткөн Аралды сактап калуу эл аралык фондун (АСЭФ) негиздөөчү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

Иш-чарага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы катышты. 

Саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин мамлекет башчылары жыйын залына өтүшүп, ал жерде АСЭФ жыйыны болду.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров чөлкөмдүн экологиялык коопсуздугу мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугунан, өзгөчө суу ресурстары тармагындагы кызматташтыктан түздөн-түз көз каранды экенин баса белгиледи. Ал суу пайдалануу системасындагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө көңүл буруп,  Аралды сактап калуу эл аралык фондун реформалоонун актуалдуулугуна токтолду.

«Борбор Азия чөлкөмү суу пайдалануу системасында олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатат. Бул контекстте Кыргызстандын Аралды сактап калуу эл аралык фондун реформалоо боюнча позициясы өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Арал көйгөйү менен катар Кыргызстан Ысык-Көлдүн суусунун тартылышы менен күрөшүүдө.

Акыркы он жылдыктарда суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, ага куйган дарыялардын саны үч эседен ашык кыскарган, бул жыл сайын суу ресурстарынын агымынын азайышын көрсөтүп турат», - деп белгиледи мамлекет башчы.

Садыр Жапаров Кыргызстан суу бөлүштүрүү боюнча милдеттенмелерин ырааттуу аткарып, гидротехникалык инфраструктуранын коопсуздугун камсыз кылып, суу экосистемаларын сактоого олуттуу ресурстарды инвестициялап жатканын баса белгиледи. 

Ушуга байланыштуу президент суу инфраструктурасын камсыз кылуу жана суу ресурстарынын булактарын сактоо боюнча негизги жүктү көтөргөн суу башындагы өлкөлөр үчүн адилеттүү компенсациялык механизмдерди киргизүү зарылдыгын айтты.

«Кыргызстандын аймагындагы суу ресурстарынын жылдык көлөмү болжол менен 50 куб километрди түзөт. Кыргызстан башка өлкөлөрдөн суу албаса да, биздин өлкө бул көлөмдүн 12 куб километрин гана өз муктаждыктарына пайдаланат. Калган 38 куб километр кошуна мамлекеттерге багытталат», - деди Садыр Жапаров.

Анын сөзүндө климаттын өзгөрүшү жана Тянь-Шань жана Памир тоолорундагы мөңгүлөрдүн эриши маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчы муздарды коргоо фонддун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин баса белгиледи, анткени алардын сакталышы бүтүндөй аймактын суу менен камсыз болушуна түздөн-түз таасир этет. 

Президент ошондой эле суу жана энергетика маселелеринин өз ара байланышын эске алуу менен АСЭФ мандатын кеңейтүүнү, ошондой эле каржылоо механизмдерин өркүндөтүүнү жана эл аралык кызматташтыктын заманбап инструменттерин киргизүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында мамлекет башчы Кыргызстан фондду түзгөн бардык мамлекеттер менен мындан ары конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырастады. 

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн соңунда биргелешкен аракеттер менен суу ресурстарын сактоого, экосистемаларды коргоого жана Борбор Азия калкынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган натыйжалуу жана узак мөөнөттүү чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүн болоруна ишеним билдирди.

Кыргызстан 2016-жылдан бери АСЭФ ишмердүүлүгүнө катышуусун убактылуу токтоткон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»