АКИpress - Бишкекте Биринчи май районунун акимиаты «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте белгиленген талаптарга жооп бербеген интернет-кабелдерди аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу 22-апрелде райондук администрациядан билдиришти.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, асманда салбырап турган, жолдун үстүнө жана тротуарларга жайгаштырылган, ошондой эле шаардын көрүнүшүн бузган кабелдерге көңүл бурулду.
Эреже бузуу менен жайгаштырылган жана буга чейин тургундардан даттануулар келип түшкөн кабелдер алып салынат. Провайдерлерге тармактарды нормаларга ылайык келтирүү, ошондой эле аларды жер алдындагы коммуникацияларга которуу зарылчылыгы жөнүндө эскертүүлөр жөнөтүлдү.
Бул чаралар шаардын инфраструктурасын комплекстүү жаңылоонун алкагында ишке ашырылууда.